14.08.2018 14:28

Бишкекте шаар тургуну бөбөктү алаксытуу үчүн анын  өмүрүнө коркунуч жараткан ыкманы колдонду

Бишкекте шаар тургуну бөбөктү алаксытуу үчүн анын  өмүрүнө коркунуч жараткан ыкманы колдонду

Бишкекте шаар тургуну бөбөктү алаксытуу үчүн анын  өмүрүнө коркунуч жараткан ыкманы колдонду. Окуянын тасмасын Инстаграмдагы OMKS_video коомчулугуна күбөлөр жиберген.

Тасмада эркек киши балкондон арта салынып, бөбөктү «ойнотуп жатканын» көрүүгө болот.  Божомолдорго караганда, бала- 2-4 айлык.  

«Окуя Бишкек шаарындагы Герцен көчөсү 49 дарегинде, «Карвен клубдун» артында болду. Эркек киши баланы кооптуу ыкма менен– 5-кабаттын балконунан чыгарып алаксытып жатканын көрдүк. Жанында дагы бир бала турду, ал да буга унчуккан жок. Чочуп кетип, колунан түшүрүп алабы деп, бир нерсе кылгандан да коркуп, үнсүз карап турдук», -деп жазат күбө.

Ал ошондой эле, тиешелүү органдардан чара көрүүнү суранган.